Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абаддан Бишкекке ири өлчөмдөгү баңгизат киргизген каналга бөгөт коюлду

20.08.2020 18:12
857
Жалал-Абаддан Бишкекке ири өлчөмдөгү баңгизат киргизген каналга бөгөт коюлду


ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан  баңгизаттарды ташуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңги каражатты ташып киргизүү жана  атайын жабдууланган цехте өстүрүү  менен  алектенген каналга бөгөт коюлду.


“Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган”, - деп айтылат маалыматта.


Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып,  кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн