Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абадды Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборуна айлантуу пландалууда, – президент

29.08.2023 15:58
403
Жалал-Абадды Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборуна айлантуу пландалууда, – президент


Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборуна айлантуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул максаттарга 2 млрд сом бөлүнгөн.

"Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу бөлүнүп берилип жатканын баса белгилей кетейин. Чындыгында эле шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбыз шаар деген атка татыктуу болушу зарыл. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Азыр биз турган мына ушул көчө да жогоруда аталган каражаттын эсебинен жаңыланды. Мындан сырткары, учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары Жалал-Абад шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат", - деди өлкө башчысы.

Президент ошондой эле жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн