Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Жалалабатэлектро»: 45 миң жолу авариялык өчүп-жанууга туруштук берүүчү вакуумдук аппараттар орнотулууда

12.11.2020 11:27
705
«Жалалабатэлектро»: 45 миң жолу авариялык өчүп-жанууга туруштук берүүчү вакуумдук аппараттар орнотулууда

«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому авариялардын алдын алуу жана болтурбоо максатында заманбап вакуумдук аппараттарды орноттууда. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты. 


«Жалалабатэлектро» ачык акционердимк коому 35/10 кВ «Благовещенка» көмөк чордонуна 35 кВ кубаттуулуктагы 2 даана 10 кВ 9 даана вакуумдук жандырып-өчүрүүчү аппараттарды коюуда. Бул кезге чейин аталган көмөк чордондо, май өчүргүчтөр иштеп келсе, эми акыркы үлгүдөгү аппараттар аркылуу жумуштар уланат.


Эски май өчүргүчтөр 12 жолу авариялык өчүп-жануу катталса ондоону талап кылат, ал эми  жаңы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат 45 миң жолку авариялык өчүп-жанууга туруштук берет. 


Ал эми ушул эле көмөк чордондо жайгашкан 8 фидерге жана бир башкаруучу өчүрүп жандыргычка 9 даана БЗП-1 үлгүсүндөгү реле коюлуп жатат.  Анын кызматы көмөк чордондо болуп жаткан авариялык өчүүлөрдү автоматтык түрдө каттайт, ичинде коргонуу функциялары да бар. 


Белгилей кетүүчү жагдай бүгүнкү күнгө чейин 10 кВ кубаттуулукта 114 даана, 35 кВ 6 даана вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппараттар коюлуп, иштеп жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Амангелди
Сиздердин кылган кызматынарга аллаа ыраазы болсун кесиптештер