Жеке ишкер, белгилүү меценат Жалил Атамбаев үй-бүлөсү менен Ош шаарындагы “Каныкей” ресторанында 100 керебет жайгаштырып, бейтаптар үчүн атайын орун даярдады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар, күбөлөр кабарлады. Ж. Атамбаев өлкөдө коронавирус жайылып, мамлекет кыйын кырдаалда турганда үй-бүлөсү менен четте карап тура алган эмес.
Маалым болгондой, аталган жайда 10 дарыгер, 15 медайым жумушка тартылып, алар Ж.Атамбаев тарабынан тамак-аш, эмгек акы менен камсыздалат. Мындан сырткары, башка кызмат көрсөтө турган адамдар үчүн да тиешелүү шарттар түзүлөрү белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн