Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалпы калктын 71%ы Кыргызстандын үч облусунда жана Бишкекте жашайт

29.09.2023 10:35
476
Жалпы калктын 71%ы Кыргызстандын үч облусунда жана Бишкекте жашайт


Бүгүнкү күндө өлкөнүн жалпы калкынын 71 пайызы Кыргызстандын үч облусунда жана Бишкек шаарында жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.


Республиканын борборунда 1 миллион 137 миң 882 адам катталган. Дагы 1 миллион 11,3 миң адам Чүй облусунда жашайт. Башкача айтканда, өлкөнүн жалпы калкынын 34,3 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашайт.


Ошондой эле кыргызстандыктар көп катталган ири аймактарга Ош (1 млн 233,3 миң адам) жана Жалал-Абад (1 млн 66,6 миң адам) кирет.


Борбордо жана бул үч аймакта 4,4 миллион адам жашайт, бул өлкөнүн жалпы калкынын 71 пайызын түзөт.


Эң аз калк Талас (224,3 миң адам) жана Нарын (267,8 миң адам) облустарында катталган.


Жалпысынан 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 261,4 миң адамды түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн