Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жалпы зыян 901 млн сом. ИИМ турак-жай кооперативдеринен үй алууда сак болууга чакырды

27.01.2023 10:08
338
Жалпы зыян 901 млн сом. ИИМ турак-жай кооперативдеринен үй алууда сак болууга чакырды

2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган.


Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган. Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт.


Учурда өндүрүлгөнү 108 млн 855 миң 713 сом түздү. Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди. Учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн