Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жалпыбыз сыймыктанган уул-кыздардан болгула! Каныбек Иманалиев бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

25.05.2023 11:33
263
Жалпыбыз сыймыктанган уул-кыздардан болгула! Каныбек Иманалиев бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мектеп бүтүүчүлөрүн куттуктады.


Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:


"Урматтуу мекендештер, эже-агайлар, ини-карындаштар, бүтүрүүчүлөр менин жаш досторум!


"Убакыт - зымыраган куш", - демекчи, 2022-2023-окуу жылы дагы аяктап, бүгүн салтка айланып калган “Акыркы коңгуроо” салтанаты Кыргызстандын бардык жерлеринде өтүүдө.


Бул жеке эле мектеп окуучуларынын, мугалимдердин майрамы эмес, бул бүт Кыргызстандыктардын билим майрамы деп эсептейм.


Анткени биз баарыбыз экинчи үйүбүз, билим уябыз болгон мектептен билим алып, тарбияланганбыз. Чырпыгыбызды чынарга айланткан дал ошол мектебибиз, мугалимдерибиз болот.


Жашообуздагы жетишкендиктердин баары – мугалимдин эмгегинин үзүрү. Кичинекейибизден адамкерчиликтин, адептүүлүктүн үрөнүн сээп, дүйнөгө гумандуу мамиле кылууга жол көрсөткөн бир гана биздин агай-эжейлер.


Ошондуктан биз мектебибизди, мугалимдерибизди ар дайым урматтап, сыйлап унутпообуз зарыл.


Билим алуу – бул көп эмгекти, өжөрлүктү, бир нерсеге умтулууну талап кылган түйшүктүү, бирок ардактуу эмгек.


“Билеги күчтүү бирди жыгат, билим күчтүү миңди жыгат” дегендей, билимдүү адам – өзү иштеген тармактын адиси гана эмес, эң алгач бул өз Ата-мекенин сүйгөн, анын маданиятын жана тарыхын билип, сыйлаган адам.


Акыркы коңгуроо – бул баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Ушул күнү бүтүрүүчүлөр жаңы турмуштун сапарына аттанышат. Сиздердин алдыңыздарда өзгөчө дүйнө ачылып жатат. Эң негизгиси, алдыга умтулуудан коркпоңуздар, өзүңүздөрдүн күчүңүздөргө ишениңиздер. Ар бириңиздерде ийгиликтин ачкычы боло турган кайталангыс талантыңыздар жана жөндөмүңүздөр бар экендигин унутпаңыздар.


Кайсы жолду тандабаңыздар, сиздер жалгыз эмес экениңиздерди унутпаңыздар. Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар, мугалимдериңиздер сиздерди ар дайым колдойт.


Биздин өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.


Сиздер үчүн бардык жолдор ачык, келечекти туура тандооңуздарды каалайм! Келечек сиздердин колуңуздарда, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыңыздарды кошуңуздар.


Эмгекчил болуңуздар! Даңк, ийгилик карандай мээнет менен гана келет. Ар бир бүтүрүүчү өз өлкөсүнүн билимдүү, маданияттуу атуулу болууга милдеттүү.


Бул күнү Кыргызстанда мектепти ар кайсы жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр өз мектептерине көңүл бөлүп, чогулуп ар кандай иш-чараларды өткөрүшүп келет.


Менимче, биз мындай иш-чаралардын сапатына жана мазмунуна көңүл буруубуз кажет.


Кыргызстанда соңку жылдары мектепти 10 же 20 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр тарабынан шаан-шөкөттүү тойго акча коротуунун ордуна өз мектебине, өз айылына же болбосо аз камсыз болгон айылдаштарына жардам берүү демилгеси күч алууда.


Мен дагы бул демилгени туура деп эсептейм.


Ошондой эле, ар кандай салтанаттарды, иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербей, жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоо керектигин баса белгилегим келет.


Албетте бүтүрүүчүлөр тарабынан өз мектебине кандайдыр бир кол кабыш кылып, жардам берейин деген ниеттер бар. Ал үчүн ыраазычылык билдирем.


Көптөгөн бүтүрүүчүлөр мектебине өз дарамети, билими, жөндөмү менен жардам берүүнү чын жүрөктөн каалашат, бирок аны кантип натыйжалуу, ыраттуу кылууну изденип келишет.


Ошондуктан, министрлик мындай учурларда “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын” түзүү аркылуу мектептерге жардам берүүнү сунуштайт.


Сөзүмдүн соңунда 2022-2023-окуу жылынын жалпы бүтүрүүчүлөрүнө жаркын келечек каалагым келип турат.


Кымбаттуу достор, сиздердин өз кесибиңиздерди туура тандооңуздарга, ата-энелериңиздер, мектебиңиздер, мугалимдериңиздер, дегеле жалпы элибиз сыймыктанган уул-кыздарынан болушуңуздарга тилектешмин.


Сапарыңыздар байсалдуу болсун!".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн