Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жамалбек Ырсалиев Баткен согушуна катышкан ардагерлерди сыйлады

27.10.2021 13:50
983
Жамалбек Ырсалиев Баткен согушуна катышкан ардагерлерди сыйлады



Бүгүн Биринчи май акимиатынын жыйындар залында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкан аскер кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Район башчысы Жамалбек Ырсалиев Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик милдетти так аткаргандыгы үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.


Райондук администрациянын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Сайракунов Муктарбек Абдыманапович - Баткен окуясынын ардагери;

- Сатыбалдыев Турсунали Кутубаевич - Баткен окуясынын ардагери;

- Исмаилов Таалайбек Казымкулович - Баткен окуясынын ардагери;

- Дакеев Кубанычбек Жаныбекович - Баткен окуясынын ардагери;

- Абышбаева Аида Айдаралиевна - Биринчи Май райондук аскер комиссариатынын кызматкери.


Белгилей кетсек, Баткен жоокерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү: каза болгон жоокерлердин жана майыптардын үй-бүлөлөрүнө 5000 сомдон, Баткен окуясынын катышуучуларына 1500 сомдон.


Бүгүнкү күндө Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 63 катышуучу, анын ичинен 2 майып, 3 каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсү турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн