Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жамалбек Ырсалиев шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерди

11.11.2021 14:17
575
Жамалбек Ырсалиев шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерди

Бишкек мэриясынын жетекчилиги Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерди.


Маалыматка ылайык, шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушу, керектүү эмеректердин, оргтехникалардын, өрткө каршы жабдуулардын, пандустардын болушу, ошондой эле ар бир шайлоо тилкесинде шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу текшерилди.


Мындай текшерүүлөр үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө, УШКларды бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча пландуу иштер шаардык штабдын көзөмөлүндө.


Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 49 шайлоо тилкеси бар.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн