Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жамалдинов жерди трансформацияла деп кол алдындагы кызматкерге кысым көрсөткөн. Ош облусунун өкүлчүлүгү социалдык тармактагы тараган жазууну четке какты

03.04.2023 12:05
395
Жамалдинов жерди трансформацияла деп кол алдындагы кызматкерге кысым көрсөткөн. Ош облусунун өкүлчүлүгү социалдык тармактагы тараган жазууну четке какты


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан аудио жазууну атайын уюштурулганын жана керектүү сөздөр кыркылып, толук версиясы монтаж болгон деп эсептейбиз. Бул тууралуу Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.


"Сөз болуп жаткан 5 гектар жер аянты Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө карабайт. Ал жер өнөр жай багытындагы жеке менчик жер, ээси жеке тарап. Ошол жер ээси Ош облусунун башчысына кайрылып, өнөр жай багытынан калктуу конушка өзгөртүп берүүнү суранган. Мындай жол менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына акысыз жер тилкесин берүүнү айткан. Төлөйкөн айыл өкмөтү Ош шаарына жакын жайгашкандыктан жер тилкесине кезекке турган жарандардын саны көп.


Аудио жазуу боюнча: Ош облусунун башчысы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен болгон сүйлөшүүдө эч кандай мажбурлоо аракетин жасаган эмес жана мыйзамдуу болсо тургундардын жер тилкеге болгон муктаждыгын чечүү сунушун айткан. Бирок атайын жаздырып алган аудио жазууда ал сөздөр чыкпай, монтаждалган. Бирок, бүгүнкү күндө аталган маселе сөз болгон боюнча калган. 5 гектар жер аянты өнөр жай багытынан өзгөртүлгөн эмес.


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар дайым мыйзамдуулукту алдыңкы орунга коюп, Ош облусунун тургундарынын жерге болгон кезек күтүү, жерге болгон муктаждыкты чечүү максатында иш алып барууда",- деп айтылат билдирүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн