Бишкек шаарынын Свердлов районунун Келечек конушундагы жолдун абалына жергиликтүү тургундар нааразы. Бул тууралуу редакциясыбызга окурмандар билдирди.
Алардын айтымында, жамгыр жааганда жолдон жүрүү мүмкүн эмес.
"Дордой" базары менен Келечек конушунун ортосундагы жолдун абалы жашоочуларды гана эмес, жүргүнчүлөрдү да нааразы кылат.
Ал жолдон күн сайын миңдеген унаалар гана эмес, коомдук жүргүнчү ташуучу маршруткалар да каттайт.
Бирок "Дордой" базарынын администрациясы да, мэрия да жолдун абалына кайдыгер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн