Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жанар Акаев: Баткенде бир дагы үйдүн чатыры жабылып, адамдар үйүнө кире элек

16.11.2022 12:11
279
Жанар Акаев: Баткенде бир дагы үйдүн чатыры жабылып, адамдар үйүнө кире элек

Кыш келди, бирок Баткен, Лейлекте бир дагы үйдүн чатыры жабылып, адамдар үйүнө кире элек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, үйлөрдү куруп жаткан компаниялар өздөрүнүн каражатынан пайдубалын курган.


"Өткөн жумада шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Баткен облусуна барып, абалды көрүп келдим.

Кыш келди, суук. Байкуш адамдар чатырда, боз үйдө жашап жатат. Бишкектен контейнер-үйлөрдү жөнөттүк деди эле.Арка-1 айылында болгону 3 контейнер турат.

Үйлөрдүн пайдубалы курулган. Курулуш компаниялары өзүбүздүн каражат менен куруп жатабыз өкмөттөн 1 сом ала элекпиз деди.

Жок дегенде эл чогулткан 320 миллион сомду 1-2 миллиондон бөлүп берсеңер болбойбу?

Баткен облусуна бөлүндү деген акча кайда?",- деди депутат Акаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн