Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жанар Кадыралиев: "Садыр Жапаровдун бийлиги 15-20 жылга созулат..."

27.12.2020 21:59
6907
Жанар Кадыралиев: "Садыр Жапаровдун бийлиги 15-20 жылга созулат..."


Россиянын астрологу Светлана Драган шайлоо боло электе эле “Садыр Жапаров жазында кызматтан кетет” деди. Анын айтканына ишенсек болобу?

Негизи президенттик шайлоо эки планетанын чыңалуу абалында өтөт. Ал чыңалуу январь, февраль айларына чейин созулат. Чыңалуу жылдын экинчи жарымында да болот. Айрым саясатчылар орто жолдон шайлоону оңго, солго бурганга аракет кылышат. Астролог Светлана Драгандын айткандары таптакыр туура эмес. Ал Россиянын башка күчтүү астрологдорунун алдында билим деңгээли дээрлик нөл. Билими начар жана сабатсыз. «24-ноябрда Бишкекте терракт болот» деп айткан. Кана болгону? Болгон жок. Бирок, Садыр Жапаров тегерегин тазалап, дос, тааныш, жакшы санаалаштын айтканын аткарганды, көңүлчөөктүктү токтотуп, катуу болушу керек. Алардын айткандарын эске албай, өзү чечим чыгарышы шарт. Антпесе, тегерегиндегилердин айынан жазда болбосо да жайда бийлиги олку-солку болгон абалга кептелет.


- Садыр Жапаров боюнча жылдыздар эмне дейт?


- Негизи Садыр Жапаровду бир жарым жыл мурун уран планетасы колдогон. Азыр плутон планетасы, астрономиянын тили менен айтканда, дирекциялык метод менен колдоп жатат. Плутон планетасы колдогон үчүн октябрь айындагы толкундоодо бийликке келип калды. Негизи дирекциялык метод 1-1,5 жылга созулат. Тагыраагы, бул методдун колдоосу ушунча гана убакыт болот. Эгер Садыр Жапаров жаңыла берсе, 6 айда олку-солку болуп, бир жылдын ичинде бийлигинен кол жууйт... 


- Бийлигин сактап калыш үчүн эмне кылышы керек?


- Жандаган саны көп, сапаты жок кеңешчилеринен арылышы керек. Чыңгызхандай болуп, чынчыл бир эле кеңешчини угушу шарт. Ал кеңешчи адам азыр бар. Жапаров ал кишини азырынча тааныбайт. Азыр жандап жүргөн санаалаштары, кеңешчилери өздөрүнүн пайдасы үчүн гана иш кылышууда. Тагыраагы, «бийлик алмашса Садыр Жапаров качат же камалат. Биз эл ичинде калып калабыз» деген позицияда иш кылышып, Жапаровду аңга түрткөндөн да кооптонушпайт. 


- Садыр Жапаровдо ооматты кармап кала турган мүмкүнчүлүк барбы?


- Бар. Бирок, анда бар болгону бир гана шанс бар. Ошол шансты колдон чыгарбай кармап калгандын аракетин көрүшү керек. Өзү да, башкалар да тааныбаган, саясатта туура ой жүгүртө алган кеңешчи менен кызматташса, бийлиги 15-20 жылга созулуп, адилеттүү президент болуп, элдин алкышына ээ болот. Ал кеңешчи башка досторундай болуп, өз кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору коёт. Адилеттүү башкарууга салымын кошуп, Садыр Жапаровдун бийлигин бекемдеп, кемчилик кетирбей иштешине шарт түзөт.


- Айрымдар “Мадумаров менен Жапаров биригиши керек” дешет. Мадумаров менен тил табышса, Жапаров алданып калбайбы? 


- Садыр Жапаров акылдуу душмандан эмес, акмак достордон коркушу керек. Жапаровго Текебаевден пайда болбосо дагы Мадумаровдон пайда келиши мүмкүн. Ошон үчүн Мадумаров менен кызматташуудан кооптонбой койсо деле болот. Жогоруда айткандай, Жапаров акылдуу душмандан эмес, жардан ары түртүп жиберчү акмак достордон коркушу керек. 


- Башка талапкерлер тууралуу эмнелерди айта аласыз?


- Адахан Мадумаровго дагы оомат ооп турат. Айтайын дегеним, Мадумаровдо прогрессия методу боюнча колдоо күчтүү. Бул ыкма узак убакытка колдоо дегенди билдирет. Мадумаров бийликке келип калса, 15-20 жыл бийликти жакшы кармайт. Кыргызстан өсүп-өнүгөт. Пенсияга чыгып кетсе дагы жарык жашоо күтөт. Тагыраагы, өзү өстүргөн балдары аны урмат-сыйга бөлөйт. Бирок, ал бийликке келип калса, кичине жумшарышы керек. Ошондой эле тажрыйбалуу саясатчылар менен бирдикте иш алып кетсе, иши илгерилейт. Эгер ар бир саясатчыны “сен андайсың, мындайсың” деп сындап, ар биринин өткөн-кеткен окуяларына токтоло берсе, 15-20 жыл бийликте турса да, тез эле кадыр-баркын жоготуп коёт. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулмира
Ишенбейбиз мындайга
Бактыгуль
И мы живы останемся?