Аяк оона 27, 2024
Убакыт: 18:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Жандос Жолдошов эл аралык III Burabay Short Film Festival кинофестивалынын жеңүүчүсү аталды

27.09.2024 11:47
117
Жандос Жолдошов эл аралык III Burabay Short Film Festival кинофестивалынын жеңүүчүсү аталды


Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошовдун "Conection" (Байланыш) тасмасы эл аралык III Burabay Short Film Festival кинофестивалынын "Мыкты социалдык драма" номинациясында эң мыкты социалдык драма деп табылып, жеңүүчү аталды. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдиришти.

Кинофестивалга 15 өлкөдөн 60тан ашык катышуучу жана 500дөн ашуун көрүүчү келген.

Тасма алыскы тоолуу айылда Мекен карыяны акыркы сапарга узатуу окуясын баяндайт. Маркумдун уулу Келечек Америкада болгондуктан, аны агасы менен жээни акыркы сапарга узатуу зыйнатына чакырышат. Бирок, Келечектин келиши менен бул чечим туура болбогонун баары түшүнүшөт.

Кинофестивалдын уюштуруучулардын айтымында, "Connection" (Байланыш) тасмасы өнөктөш ECG Film Festival кинофестивалында 2025-жылдын 25-30-майында Улуу Британияда дүйнөлүк аренада да көрсөтүлөт.

III Burabay Short Film эл аралык кинофестивалы кино жана көркөм искусствонун өнүгүшүнө салым кошуп, көргөзмө искусствосун жайылтуу, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кинематографисттердин башын бириктирүү максатында жасалган феноменалдуу иш-чара.

Маалымат үчүн: Жандос Жолдошов 1991-жылы 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп шаарында туулган. 2009-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин “Радио, телевидение жана кино” тармагында билим алган. Андан соң 2018-жылы Кыргыз улуттук юридикалык академиясынын юриспруденция факультетинде жарандык адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун алдындагы киностудиясында баштап, ушул күнгө чейин оператор, көркөм жана даректүү тасмалардын режиссеру, сценарист, редактор жана фотоаппарат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн