Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жаңы Ак үйдү куруп жаткан компанияга дээрлик 26 га жер менчикке берилди

16.08.2023 15:12
249
Жаңы Ак үйдү куруп жаткан компанияга дээрлик 26 га жер менчикке берилди


"Иншаат строй билдинг" курулуш компаниясына президенттин администрациясынын жаңы имаратын куруп бергени үчүн 25 гектардан ашык үч жер тилкеси өткөрүп берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.


Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги буздурулган Ысык-Көл мейманканасынын ордуна салынып жатат. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын октябрь айында КМШ мамлекеттеринин башчыларын жаңы Ак үйдө тосуу пландалып жатканын билдирген.


Министрлер кабинети компанияга төмөнкү жер тилкелерин баалап өткөрүп берүүнү тапшырды:

1. Абсамат Масалиев көчөсү, 22 — 18,1853 гектар;

2. Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165 — 4,8899 гектар;

3. Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9 — 2,713 гектар.


Эгер жер тилкелеринин рыноктук баасы курулуш ишинен кымбат чыкса, компания ортодогу айрыманы кайтарып берет. А эгер төмөн болсо, Президенттин иш башкармалыгы подрядчыга акча таап берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн