Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тарта мас айдоочулардын саны азайды

14.03.2023 11:40
221
Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тарта мас айдоочулардын саны азайды

Ушул жылдын 8-мартынан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны бир топ азайган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.


«Жакынкы үч жылдын 9-мартынан тартып 12-мартына чейинки үч күндүн жыйынтыгына талдоо жүргүзө турган болсок; 2021-жылдын үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган. 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу. Ал эми 2023-жылдын үч күн ичинде 152 мас айдоочу аныкталган.


Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тарта өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны 38 пайызга азайып жаткандыгын байкоого болот», — деп билдиришти ЖКККББдан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн