Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаңы кызматка дайындалган Бакыт Төрөбаев: Доллар түшкөнүнө байланыштуу баалар дагы түшүш керек

29.03.2022 12:09
355
Жаңы кызматка дайындалган Бакыт Төрөбаев: Доллар түшкөнүнө байланыштуу баалар дагы түшүш керек

Доллардын наркы түшкөнүнө жараша товарлардын да баасы түшүшү керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда билдирди.


Анын айтымында, Кытай жана Өзбекстан менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү керек


"Доллардын наркы түшкөнүнө жараша товарлардын да баасы түшүшү керек. Ишкерлер доллардын баасына жараша азык-түлүктөрдү көтөрүп жатат, доллар түшүп жатса, ошого жараша баасы да кошо түшүшү керек. Экинчиден реэкспорт көлөмүн көтөрүшүбүз керек. Кытай жана Өзбекстан менен дагы тыгыз иш алып барышыбыз керек. Анткени, биз ЕАЭБдебиз. Алар бул уюмга мүчө эмес. Россиядан Кыргызстанга IT адистери келип жатышат. Буларга шарттарды түзүп бергенге токтомдор, буйруктар чыгат. Реэкспортту жакшы жолго коюшубуз керек. Анткени, акча потоктору келет”— деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн