Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жаңы конуштарды жана бизнестин талабын камсыз кылуу максатында жаңы РЭТ ишке кирди

08.02.2022 15:56
786
Жаңы конуштарды жана бизнестин талабын камсыз кылуу максатында жаңы РЭТ ишке кирди

Бүгүн Бишкекте КР президенти Садыр Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда “Түндүк электр” ААКтын жаңы Түндүк райондук электр тармактарынын ( РЭТ) ачылышы өттү. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирет.


Компаниядан белгилегендей, өнөр жай объектилеринин, жаңы конуштардын пайда болушу, орто жана чакан бизнес инфраструктураларынын өнүгүшү менен Бишкектин түндүк тарабында абоненттердин сааны өсүүдө. Буга байланыштуу компания жаңы Тундүк РЭТти курууну пландаган.


“Бишкектин учурдагы Батыш жана Чыгыш ТЭТтери тармактарды тейлөөдө жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылууда оорчулук болууда. Жаңы Түндүк РЭТинин ачылышы тейлөөнун жана ушул аймакта жашаган керектөөчүлөрдү, андан тышкары өнөр жай жана коммерциялык объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ыкчамдуулуктун сапатын жогорулатат”, - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунда келечек муунга кайрылуу менен Түндүк РЭТтин курулушуна капсула салуу аземи өткөн.


Жаңы РЭТтин курулушу Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн