Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамда элдин эркин шайлоосуна таасир эткен одоно мыйзам бузуулардан улам четтетилген партия же талапкер кийинки үгүт иштерине катыштырылбай тургандыгы айтылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тааный алат, анын ичинде шайлоо участкаларына келген шайлоочулардын жалпы санынан шайлоочулардын үчтөн биринен көбүнүн добуш берүүсү жокко чыгарылса жыйынтык жараксыз болуп саналат.
Жогорку Кеңешке шайлоодо шайлоо күнү учурдагы парламент шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшембисинен акыркы жекшембисине алмаштырылды.
Ошентип, ЖКга шайлоо 31-октябрда өтөт.
Булак: 24.kg
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн