Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жаңы психоактивдүү заттарды саткан туруктуу каналга бөгөт коюлду

17.03.2021 10:17
429
Жаңы психоактивдүү заттарды саткан туруктуу каналга бөгөт коюлду


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.


Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам изидөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан интернет аркылуу «Телеграмм» социалдык тармагында «@LuCHiKso» аттуу акаунту менен  психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталган. 


Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган  К.А. аттуу Оруссия Федерациясынын жараны кармалган.


Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүнүн натыйжасында жарандын жашаган жеринен ижарага алынган батирден кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор  табылып алынган.


Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.  

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн