Өлкөдө катталган 7 учурдун баары байланышта болгондор. Бул тууралуу 13-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында учурда Кыргызстандагы коронавирустун очокторунун баары табылган.
“Биз көптөн бери бул санды күткөнбүз. Эпидемиологиялык абал турукташып бара жатат десек болот. Жаңы учурлардын баары байланышта болгондор. Алар кимдер менен байланышканын жана кимден жуктургандарында билебиз. Жаңы 7 учурдун бири сырттан жүк ташыган Өзгөн районундагы айдоочунун шеригинен чыкты. Үч учур бир үй-бүлөдөн табылды”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн