Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы жыл күнү ИИМге 599 кайрылуу түшкөн

01.01.2022 14:25
675
Жаңы жыл күнү ИИМге 599 кайрылуу түшкөн



2021-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 599 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Анын ичинен 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бир күн ичинде жалпы 94 кылмыштын бети ачылды.


Жол унаа кырсыктары-26, каза болгон адамдар жок, 30 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Жалпы республика аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өттү. ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.


Урматтуу жарандар, Сиздерди ИИОнун кабыл алган коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз.


Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул жөнүндө ички иштер органдарына 102 телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз. Милиция кызматкерлери эс алуу күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн