Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы жылдык майрамга карата ИИМ кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт

31.12.2021 13:18
640
Жаңы жылдык майрамга карата ИИМ кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт

Милиция кызматкерлери жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлиги ыйгарым укуктарынын чегинде майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, комплекстүү иш-чаралар аткарылууда. Ар кандай кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдук абалды көзөмөлдөп, тартипти камсыздоо максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтөлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлгөн. 

 Биздин өлкөдө жаңы жылдык иш-чаралар өзгөчө популярдуу экендигин белгилей кетүү керек. Тилекке каршы, дем алыш жана майрам күндөрү ичкилик ичүүдөн кийин айрым жарандар укук бузууга, айтор кээде оор кылмыштарды жасоого алып келет.


Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар учурунда милиция кызматкерлери жарандардын эс алуусу күндөрү коопсуздугун камсыздоого бардык зарыл чараларды көрөт. ИИОнун кызматкерлери мыйзамдын чегинде кызматтык милдеттерин аткарышып, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызмат ордуна жана абалына карабастан ар бирин жоопкерчиликке тартууга тийиш.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруктуулугун камсыздоого багытталган аракеттерди кабыл алынып, ошондой эле укук бузуулардын алдын алууну күчөтүлөт.


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы тарабынан жол коопсуздук эрежелерин сакталышы камсыздалат. Мас абалындагы айдоочуларга, же айдоочунун күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери айдоочулардын ылдамдык шарттарын, маневр жасоо жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу эрежелерин сактоосун көзөмөлдөшөт. Жөө жүргүнчүлөр тарабынан бузууларга байкалбай калбастан, көңүл бурулат.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы кызматкерлери жол кыймылынын катышуучуларына жардам көрсөтүүгө жана жолдордо коопсуз шарттарды камсыздоого багыттуу иш-алып барышат. Бул үчүн алар жол-коммуналдык кызматтары тарабынан кыш мезгилиндеги жолдордун тайгалактыгын жоюу боюнча өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө көчө-жолдордун абалына күнү-түнү мониторинг жүргүзүп турат.


Урматтуу жарандар сиздерди ИИОнун кабыл алган коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз.


Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул жөнүндө ички иштер органдарына 102 телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз. Милиция кызматкерлери жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн