Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров Абу-Дабидеги БАЭ баатырларына арналган комплекске гүлчамбар койду

31.10.2022 17:08
345
Жапаров Абу-Дабидеги БАЭ баатырларына арналган комплекске гүлчамбар койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баатырларына арналган “Wahat Al Karama” (“Ар-намыс оазиси”) комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Мамлекет башчысы каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды.


Президент Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн