Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиевди Республика күнү менен куттуктады

28.05.2021 17:59
1079
Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиевди Республика күнү менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы — Азербайжан Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Оболу мен боордош Азербайжандын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерин, ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы татыктуу кадыр-баркын, региондук жана эл аралык иштердеги маанилүү конструктивдүү ролун өзгөчө белгилегим келет.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда жетишилген кызматташтыктын бийик деңгээлин жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого, биргелешкен иш-аракеттерди тереңдетүүгө үмүт артабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы динамикасы кыргыз-азербайжан мамилелеринин ар кандай багыттагы потенциалын кеңири ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош Азербайжан элине өнүгүү жана тынчтык каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн