Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

27.10.2022 15:08
559
Жапаров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы БУУ тутумунун туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.


Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын, ага байланыштуу 2022-жыл «Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы» катары жарыяланганын баса белгиледи.


Өз кезегинде БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстандын уюмга мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап, бул маанилүү датаны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн символу катары белгиледи.


Антье Граве кыргыз тарапты Кыргызстандагы БУУ тутумунун кызматташтыктын ар тараптуу багыттары боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн