Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров: Быйыл куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө 52 миллиард сом бөлдүк

28.12.2022 15:54
355
Жапаров: Быйыл куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө 52 миллиард сом бөлдүк

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.


Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жасалган иштер тууралуу отчет берди.


"Быйыл биз үчүн чыгашасы оор болгон Баткен окуясы болуп кетти. Албетте, бул сыноодон да ынтымагы бекем элибиздин жардамы менен татыктуу өттүк.

Атайын эсепке эл тарабынан 386 миллион сом бөлүндү. Бул каражаттан бир сом дагы мамлекетке алынбайт. Элдин акчасы элге иштетилет.

Муну менен катар өлкөбүздүн куралдуу күчтөрүн күчтөндүрүүгө жетиштик.

Быйыл укук коргоо, куралдуу күчтөр, коргоо жана коопсуздук үчүн 52 миллиард сом бөлүндү. Заманбап аскердик техникалар алынды жана куралдуу күчтөрдүн айлык маяналары көтөрүлдү",- деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн