Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров: Чакан ГЭСтер өндүргөн электр-энергиясын мамлекет 100% сатып алат

23.06.2021 14:43
1130
Жапаров: Чакан ГЭСтер өндүргөн электр-энергиясын мамлекет 100% сатып алат

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуучулардын 70% эл, 30%ы ишкер чөйрө. Бул тууралуу бүгүн, Президент менен ишкерлердин жолугушуусундагы докладда айтылды. Президент ишкерлерди чакан ГЭСтерди курууга чакырып, алар өндүргөн электр энергиясын мамлекет толук сатып алаарын убада кылды. 


«Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча, менчелик бул тармактын ачуу-таттуусун көргөн адам болбосо керек»,- деген ишкер Рахат Ырсалиев, электр-энергиясын өндүргөн чакан ГЭСтерди куруу замандын талабы экендигин, аны Ата-Мекендик ишкерлер кура алаарын айтты.


«Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн ондогон жылдар кетет. Ал эми чакан ГЭСтерди 1 жылда салса болот. Мамлекеттен бир тыйын да кетпейт. Күйө турган болсо, биз күйөбүз. Бизге кепилдиктин кереги жок, кредитти өзүбүз алабыз. Бирок, мамлекет өндүрүлгөн электр энергиясын 100% кепилдик менен сатып алыш керек» -дейт ишкер Рысалиев.


Ал ошону менен бирге, ишкерликтин бул тармагын өнүктүрүү үчүн тез арада Мамлекеттик тариф коюлушу керектигин белгиледи. 


Президент, бул тармакты өнүктүрүү үчүн мурдагы министрге атайын тапшырма берип, аткарбагандыгы үчүн кызматтан алаганын айтты.


«Мен келээрим менен мурдагы министрге жеке чакан ГЭСтер менен келишим түзүп, электр-энергиясын 2,9 сомдон сатып алууну жолго коюусун тапшырма бергенмин. 2 айдан кийин келишим түздүк деп айткан. Жакында кайра сурасам, «чечилген»-, деп, даагы калп айтты. Мына ошонун негизинде ал киши кызматтан кетти», -деди өлкө башчысы.


«Чакан ГЭСтер өндүргөн электр-энергиясын мамлекет сатып албаса, бул тармак өнүкпөйт», деген президент тийиштүү кызматка, 2 күн ичинде бул маселени толук чечип, мага жума күнү отчёт бергиле деп тапшырды.


«Эгер 2 күндө чеч албасаңар, даагы да созуп, бюрократия менен алектенсеңер, анда толук жетекчилигиңер арыз менен келгиле. Мындан аары указ, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кетпейсиңер, камаласыңар! Мен муну бүткүл элдин алдында айтып коёюн«-деп эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн