Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жапаров Эрдоган менен сүйлөшүп, аны Бишкекке келишин күтүп жатканын билдирди

03.05.2022 19:31
704
Жапаров Эрдоган менен сүйлөшүп, аны Бишкекке келишин күтүп жатканын билдирди



Бүгүн, 3-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.


Реджеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. 


Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия Президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн