Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 22:11
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жапаров Глазго шаарына келди. Ал БУУнун климаттык саммитинде сөз сүйлөйт

01.11.2021 09:00
749
Жапаров Глазго шаарына келди.  Ал БУУнун климаттык саммитинде сөз сүйлөйт


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Каролдугу жана Шотландиянын Глазго шаарына иш сапары менен келди.


Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны ал траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.


Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.


Ошондой эле Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн