Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасы менен чек аранын жабылышы боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди.
Анын айтымында, чек ара Казакстан тарабынан бир тараптуу жабылган.
“Бул чаралар Казакстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын көбөйүшү менен байланыштуу. Биз мындай кырдаалда аларды туура түшүнүшүбүз керек”, - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы аба каттамдары ачык, бирок унаалардын өтүүсүнө чек ара жабык бойдон калууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн