Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров Кувейттин премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады

02.11.2021 14:33
685
Жапаров Кувейттин премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин талааларында Кувейттин Премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Жолугушуу жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Ошондой эле, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маселелерде пикир алмашуу болду.


Мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи.


Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн