Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров: Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан бошотууда 4,5 миңден ашуун мекендешибиз баатырларча курман болгон

27.01.2022 09:21
793
Жапаров: Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан бошотууда 4,5 миңден ашуун мекендешибиз  баатырларча курман болгон

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады, - деп билдирет өлкө башчысынын маалымат кызматы.


Мамлекет башчысынын кайрылуусу:


“Ардактуу блокадачы мекендештер!


Урматтуу кыргызстандыктар!


Бүгүн биз бүткүл өлкөбүз менен бирге Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан бошотууда эрдик көрсөтүп, курман болгондорго таазим кылабыз. Андан бери 78 жыл өтсө дагы, бул улуу окуя биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.


Эки жылдан ашык убакыт бою Ленинград шаары душмандын камалоосунда болуп, ачарчылык менен аёсуз согуштун катаал сыноолоруна туруштук бере алган.


Бул баатыр шаарды фашисттердин кандуу чеңгээлинен бошотууда 4,5 миңден ашуун мекендешибиз эрдик көрсөтүп, кан майданда курман болгондугун тарых таасын тастыктап, өз баасын берген.


Ошол кездеги совет эли менен бирге Кыргызстан калкы да курчоодо калган Ленинград шаарынын тургундарына азык-түлүк жана керектүү кийим-кече жөнөтүп, демине-дем, күчүнө-күч кошуп турушкан.


Ошону менен бирге блокада маалында Ленинграддан чыгарылган үч жарым миңден ашык бала Кыргызстандан жаңы үй-бүлө, жаңы тууган таап, эрезеге жетип, турмуш жолун татыктуу улап кетиши элибиздин эзелтен келаткан айкөлдүгүнүн бир мисалы болуп калды. Кыргызстанда өскөн Ленинграддык блокаданын балдары экинчи Ата Мекенинин өнүгүүсүнө ак кызматын кылып, азыр да жаш муундарды атуулдук аң-сезимде тарбиялоодо өз салымдарын кошуп келишет.


Ленинградды душмандын курчоосунан бошотууга катышып, өмүрүн арнаган жоокерлерибиздин, ошол маалда тылдан жардам көрсөткөн мекендештерибиздин жана блокадада калган шаар тургундарынын эрдиктери эң ириде атуулдук духтун, майтарылгыс эрктин, каармандыктын жана ынтымактын бийик үлгүсү болуп калды.


Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, баатыр-шаарды блокададан бошотууда салгылашып жатып курман болгондорго башымды ийип, терең таазим кылам!”.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн