Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров Ниязовдун күмбөзүнө жана Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

27.06.2021 19:08
1093
Жапаров Ниязовдун күмбөзүнө жана Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Түркмөнстанга расмий иш сапарын өлкөнүн туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» («Түркмөнбашынын рухий мечити») мечитине зыярат кылуудан баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Күмбөз менен мечит Ашхабад шаарына жакын жерде, Сапармурат Ниязов туулган Кыпчак айылында жайгашкан.


Күмбөздө президент Садыр Жапаров Ардактуу кароол ротасынын коштоосунда Сапармурат Ниязовдун 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болгон энеси менен эки бир тууганынын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Сапармурат Ниязов өзү да ушул жерге коюлган.


Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулыев каза болгондорго багыштап куран окуду.


Алардын жаркын элесине таазим эткен соң, Мамлекет башчысы 10 миңдей адам бата турган өлкөдөгү эң чоң мечит – “Түркмөнбашынын рухий мечити” менен таанышты.


Андан кийин Садыр Жапаров Ардактуу кароол ротасынын коштоосунда Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, бул жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду. Аллея Түркмөнстандын жүргүзүп жаткан тынчтык, достук жана ынак коңшулук саясатын символдоштурат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн