Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Орхан Инандынын уурдалышында өлкөнүн кемчилиги болгонун билдирди

23.10.2021 13:42
753
Жапаров Орхан Инандынын уурдалышында өлкөнүн кемчилиги болгонун билдирди

Президент Садыр Жапаров "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу пикирин билдирди. 


"2016-жылдан бери 2-3 жолу аракет кылышкан экен. Биз бийликке келгенге чейин эле Ош тараптан алып чыгып, салып бергенге да аракеттер болгон экен. Биз келгенден кийин да акыркы жолу болгон. Өзүн чакырып, айтып... Өзү да билет экен. Ооба. Аркамдан жүрөт. Уурдап кетебиз деп төрт жылдан бери аракет кылып жатат” деген экен. “Сен күзөтчүсүз жүрбө. Кеминде 2-3 адам менен жүр” деп айтылган, ошону менен кеткен. Албетте, биздин да мамлекеттик кызматкерлердин убагында көзөмөлгө алып, карабаган кемчилиги бар. Революция, башаламандык, кыйынчылык болуп жаткан мезгилде биздин эле эмес, башка өлкөлөрдө да. Аймактагы 2-3 өлкөдөн “ФЕТО уюмуна тиешелүү” деген адамдарын алып чыгып кеткен учурлар бар",- деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн