Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 21:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жапаров: Президенттик башкаруу - элдин алдында керт башың менен жооп берүү

28.01.2021 12:03
591
Жапаров: Президенттик башкаруу - элдин алдында керт башың менен жооп берүү

Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү аземинде сүйлөп жатып билдирди.


Жапаров негизги максат - мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу экендигин билдирди.


"Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Аны менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет", - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн