Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

27.04.2021 20:26
765
Жапаров Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы - Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, Б.Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.


«Сабира апанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз.


Бексултан ата менен Сабира апа узак жана бактылуу өмүр сүрүшүп, үч баланы татыктуу тарбиялап, дээрлик бир мезгилде түбөлүк жайга кетишти. Сабира апа өмүр бою маданият тармагында иштеген боорукер, адептүү жана кең пейил адам эле. Ал үй-бүлөсүндө эле эмес, достору менен кесиптештеринин арасында да татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Ошондой эле жолдошу Бексултан Жакиевди ар дайым колдоп келгендигин белгилеп кетпесек болбос. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам! ”- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн