Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жапаров Советтик жоокердин Ржев мемориалы эстелигине гүлчамбар койду

08.05.2023 09:24
328
Жапаров Советтик жоокердин Ржев мемориалы эстелигине гүлчамбар койду

Ржев шаарында бүгүн Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Советтик жоокердин Ржев мемориалы эстелигине гүлчамбар койду.


Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин Советтик жоокердин 25 метрлик уникалдуу скульптурасынын алдына гүл коюшуп, 1942–1943-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Ржев алдындагы салгылашууларда курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.


Бул Улуу Ата Мекендик согуштун эң узак салгылашууларынын бири – Ржев салгылашынын эстелиги экени белгиленет.


Мемориалдык комплекс Тверь облусунун Ржев районундагы Хорошево айылында тургузулган. Советтик жоокердин 25 метрлик монументи абада каалгып, турналардын тобунда кайып болуп бараткандай элес калтырат. Эстеликтин жанында курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган дубалдар бар. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин демилгеси менен коомдук кайрымдуулуктан түшкөн каражатка курулган. Мемориалдык комплекс 2020-жылдын 30-июнунда ачылган.


Андан соң президент Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин Улуу Ата Мекендик согуштун Борбордук музейинин Ржев салгылашына арналган филиалында болушуп, алар үчүн кыска экскурсия өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн