Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жапаров ТМКК саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына келди

11.11.2021 21:13
613
Жапаров ТМКК саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына келди



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен келди.


Мамлекет башчысынын учагы Стамбул шаарындагы “Ататүрк” эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Аэропортто ТМКК катышуучу-мамлекеттеринин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилген.


Эске салсак, сапар алкагында Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.


Ошондой эле, саммит аянтчасында Президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн