Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:26
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жапаров, Ташиев, Ниязбеков милициянын гарнизондук саптык кароосуна катышты (фото)

24.12.2021 13:14
814
Жапаров, Ташиев, Ниязбеков милициянын гарнизондук саптык кароосуна катышты (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты.


Министрлер кабинети билдиргендей, Акылбек Жапаров өз сөзүндө Жаңы жылдык майрамына байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтүп жатканын белгиледи.


Саптык кароо Бишкекте, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн кызмат өтөө даярдыгын текшерүү, Жаңы жылдык майрамында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.


Ошондой эле гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.


Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн