Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Түркиянын түндүгүндөгү адам өмүрүн алган суу ташкынга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

13.08.2021 18:22
651
Жапаров Түркиянын түндүгүндөгү адам өмүрүн алган суу ташкынга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт.


Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн