Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына видеоконференция форматында катышат

10.12.2021 10:25
1059
Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына видеоконференция форматында катышат



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Казакстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.


ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу.


Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байлаынштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.


ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси да каралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн