Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жапаров бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү ниети жок экенин билдирди

30.05.2023 11:58
328
Жапаров бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү ниети жок экенин билдирди


Президент Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевге Кыргызстанга келсе камала турганын айтты. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берип, мурдагы өлкө башчыларын актоо аракети болуп жатабы деген суроого жооп берген.

"Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар, 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп чечим кабыл алышым керек", — деди Жапаров.

Ошондой эле президент Курманбек Бакиев, туугандары Жаныш, Акмат, уулдары Максим жана Марат Бакиевдер издөөдө жүргөнүн, келсе камаларын билдирди. Ал эми Адыл, бир тууган иниси Марат, Каныбек Бакиевдерге иш козголбогонун айтты.

Аны менен катар бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн