Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров менен Алиев эки тараптуу бардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

12.11.2021 14:12
574
Жапаров менен Алиев эки тараптуу бардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча маектешүү болду.


Мамлекет башчысы Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгиледи.


Ал Кыргызстан боордош азербайжан элинин ийгиликтери менен жетишкендиктерине ар дайым кубанарын белгиледи.


Садыр Жапаров мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.


Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев белгилегендей, ТМККнын бүгүнкү Саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени Кеңештин макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна жогорулоосу күтүлүүдө.


Илхам Алиевдин пикири боюнча, бул эки мамлекеттин мамилелери жана саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.


Азербайжандын Президенти эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин бакубатчылыгы үчүн байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө дем берерине ишенимин билдирди. Анын пикиринде, кыргыз-азербайжан кызматташтыгы толук кандуу жана жыйынтыкка багытталган.


Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн