Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жапаров менен Эрдоган кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнү макулдашты

30.09.2022 08:44
664
Жапаров менен Эрдоган кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнү макулдашты

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.


Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн