Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жапаров менен Рахмон расмий түрдө жолугушуп, тет-а-тет форматта сүйлөшүүгө киришти

29.06.2021 10:54
1389
Жапаров менен Рахмон расмий түрдө жолугушуп, тет-а-тет форматта  сүйлөшүүгө киришти


Бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж «Улут сарайына» келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталып, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон «Улут сарайына» тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн