29-июнда президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда чек ара мамилеси негизги маселе катары каралган.
Жабык эшик артында эки президент 6 сааттай убакыт сүйлөшүп, андан кийин делегациялардын катышуусунда кеңейтилген форматта жыйын уланган.
Жолугушуу соңунда кошуна өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы 32 километр аралык боюнча макулдашуу болгонун айткан.
Бирок макулдашылган аймак кайсы жерде экени тууралуу эки тарап да расмий билдирүү тарата элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн