Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жапаров менен Зась Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулады

01.09.2021 15:47
422
Жапаров менен Зась Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулады



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин ошондой эле, Душанбе шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты.


Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.


Анын айтымында, Уюм жоопкерчилигинин аймагындагы коркунуч деңгээлинин өсүшү тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.


Өз кезегинде, Станислав Зась Садыр Жапаров менен жолугушууну канааттануу менен белгилеп, анын Борбордук Азия регионундагы кырдаалга байланыштуу зарылдыгын билдирди.


Мындан сырткары, Башкы катчы учурдан пайдаланып, Президентти Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгилик, өлкө элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн