Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жапаров өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтты

05.05.2021 12:03
940
Жапаров өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуусунун алкагында республиканы экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында, экономикалык реформаларды жүргүзүү, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүү пландалган. Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз.

“Биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз”,-деди өлкө башчы.

Президент, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизерин билдирди.

Ал белгилегендей, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт. Биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот.

Президент белгилегендей, ошондой эле, транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү.

Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан, “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда.

“Заманбап шарттары бар мульти модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Экономикага түз инвестицияларды тартуу керек. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өөрчүтүү зарыл. Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктуралык базаларды калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү”,-деди президент.

Ал белгилегендей, бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел.

“Мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм. Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”,-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн