Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи отурумунун жүрүшүндө мас абалында жумушка келген соттун видеосун көрсөттү.
Видеодо байкалгандай, жумушка мас абалда келген сот кабинетинин ачкычын араң таап кирип кеткен.
"Бул кишини тааныйсызбы?",- деди президент Жогорку соттун төрайымына.
"Чүй облустук сотунун төрагасына окшоттум",- деди Бакирова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн